Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар референдумду дайындоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү каалашат

Эл депутаттары бул маселе боюнча бир эле учурда үч окууда добуш берүүнү сунушташат

Депутаттар тобу Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду дайындоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Акылбек Жапаров, Бактыбек Турусбеков жана Умбеталы Кыдыралиев өзгөртүүлөрдүн демилгечилери болушту. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Парламентарийлер, эгерде жарандар референдумда кандайдыр бир маселе боюнча добуш беришсе, анда кийинки плебисцит депутаттарга бир эле учурда үч окууда добуш берүү менен дайындалса болот деп эсептешет.

"Ушул тартипте референдум өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн, тийиштүү комитеттердин оң корутундусу болушу керек" деп айтылат документте.

Эске салсак, 10-январда Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча, жарандар президенттик башкарууну тандашты. Конституциялык конференция жаңы Конституциянын долбоору боюнча иштерди аяктагандан кийин, кыргызстандыктар дагы бир референдумга туш болушат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх