Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абдил Сегизбаев ага каршы козголгон кылмыш иши тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынан билген

УКМКнын экс-башчысынын жардамчысы Башкы прокуратуранын сотко чейинки ишин саясий куугунтук деп атап, коюлган айыптар боюнча түшүндүрмө берди

УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев ага карата кылмыш иши козголгонун жалпыга маалымдоо каражаттарынан билген. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жардамчысы Мээрим билдирди.

"Мунун бардыгын Абдил Сегизбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынан билди" деди ал. - Башкы прокуратура бизге эч нерсе жөнүндө маалымат берген жок. Толук маалымат алардын расмий сайтынан окуган. Ооба, Сегизбаевдин Кой-Ташта жер үлүшү бар, бирок ал эл аралык уюмдарда иштеп жүргөндө мыйзамдуу түрдө ээ болгон. Бул жерлер эч качан трансформацияланган эмес. Ал мындай нерселерди жасабайт. Кылмыш иштери ачылат деп күткөнбүз жана муну саясий куугунтук деп эсептейбиз.

Сегизбаевдин жардамчысы ошондой эле ал азыр Кыргызстанда экендигин жана тергөөнүн чоо-жайын күтүп жаткандыгын маалымдады.

Мираим Алмаспек кызы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх