Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы менен жолугушту

Улан Ниязбеков ички иштер органдарын реформалоо боюнча биргелешкен Концепцияны түзүүнү сунуш кылды

2021-жылдын 22-январь күнү ИИМдин Борбордук аппаратында ички иштер министри Улан Ниязбеков ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолукту.

Жолугушуу учурунда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен ийгиликтүү кызматташып жаткандыгын баса белгиледи.
Министр Улан Ниязбеков ЕККУнун Программалык кеңсесине моралдык жактан дагы, автотранспорт каражаттар, СOVID-19 коронавирус пандемиясы учурунда жеке коргонуучу каражаттар түрүндө материалдык-техникалык жактан дагы көрсөткөн колдоолору үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.


“Калк менен өз ара байланышууда ачык-айкындуулукка, жеткиликтүүлүккө жана ыкчамдуулукка багытталган биздин ишке ашып жаткан “Милициянын көчмө кабылдамасы” долбоорубуз өз натыйжалуулугун көрсөттү. Милициянын көчмө кабылдамасы калктын ар кандай маселелерин ыкчам чечүүдө өзүн оң жагынан көрсөтө алды. Министрлик кошумча дагы 9 көчмө кабылдама бөлүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бирок, талдоо көрсөткөндөй, республиканын аймагында милициянын көчмө кабылдамасын көбөйтүү зарылдыгы бар”,-деди Улан Ниязбеков.
Андан сырткары, министр калк менен өз ара байланышууда ачык-айкындуулукка, жеткиликтүүлүккө жана ыкчамдуулукка көңүл бурган ИИОну реформалоо боюнча бирдиктүү концепцияны түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Тараптар ИИОну өнүктүрүүгө, кызматташтыкты жана өз ара байланышууну бекемдөөгө багытталган бардык бирдиктүү долбоорлордун натыйжалуулугун белгилешип, мындан дагы жогорку жетишкендиктерге жетүү үчүн узак мөөнөттү кызматташуу боюнча бирдиктүү макулдашууга жетишишти.


“Жеке өзүм жана Кыргызстандын Ички иштер министрлиги өлкө ичиндеги жана бүтүндөй дүйнөдөгү коопсуздук үчүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен бардык багыттар боюнча тыгыз кызматташууга жана аны мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр”,-деп билдирди Улан Ниязбеков.
Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Элчи Пьер фон Аркс ИИМ менен мындан ары дагы кызматташууга жана колдоого даяр экендигин билдирди.
Жолугушуу жылуу маанайда жана достук мамиледе өттү.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх