Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Мухаммедкалый Абылгазиевдин мүлкүн коомчулукка жарыялады (сүрөт)

"Экс-премьер мамлекеттик кызматта жүрүп мүлкүн мыйзамсыз көбөйткөн"

Бийликтин жогорку эшелонундагы коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан коррупция жана мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды.

Абылгазиев премьер-министр болуп турганда, мамлекеттин жана республиканын жарандарынын кызыкчылыгына каршы келип, негизсиз жана улуттук мыйзамдарды бузуу менен өкмөттүн токтомуна кол койгону, ага ылайык, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКка геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүү үчүн кол койгон.

Натыйжада, кендин жалпы аянты эки эседен ашык көбөйүп, 26,3 миң гектарды түздү, анын ичинде бир нече мөңгүлөр жана корголуучу аймак.

Белгилей кетүүчү нерсе, буга чейин министрлер кабинетинин токтому чыккан, анда аталган кендин аянтын уникалдуу жаратылыш комплекстерин, биологиялык, ландшафттык ар түрдүүлүгүн жана флора менен фаунанын түрлөрүн сактоо максатында кеңейтүүгө тыюу салынган. 

Бул аймактарды өздөштүрүү Ысык-Көлдүн биосфералык аймагынын фаунасы жана флорасы үчүн экологиялык кесепеттерге алып келет, ошондой эле өлкөнүн гидроэнергетикалык тутумун бузушу мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик кызматта жүрүп, өзүнүн мүлкүн расмий кирешесинен бир нече эсе ашып, мыйзамсыз көбөйткөн. Аларды легалдаштыруу максатында Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерин сатып алган, ошондой эле көп батирлүү элиталык үйлөрдү курууга каржылык инвестицияларды жасаган. Кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн бул мүлк муляждардын атына катталган.

2021-жылдын 26-январында сотко чейинки процесстин алкагында Абылгазиев  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексинин 98-беренеси жана УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



Эске сала кетсек УКМК мурунку премьер-министрди мурунку күнү мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх