Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Артем Новиков: Жазгы талаа иштерине даярдык жыл сайын бирдей шаблон боюнча жүрбөшү керек

Премьер-министрдин м.а дүйнө жүзү боюнча айыл чарба тармагы жаңы эмгек шарттарына өтүп жаткандыгын белгиледи

Жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө даярдык көрүү жыл сайын бирдей шаблон боюнча өткөрүлбөшү керек. Дүйнө жүзү боюнча айыл чарба тармагы иштөөнүн жаңы шарттарына, инновацияларды ишке киргизүүгө, жогорку кирешелүү өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга өтүүдө. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жазгы талаа иштерине даярдык көрүү маселесин талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди.

«2020-жыл макроэкономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатынан алып караганда татаал болду. Бул, өзгөчө, тамак-аш азыктарына баалардын кымбатташы орун алган экинчи жарым жылдыкта байкалды жана биз аларды кармап туруу үчүн кабыл алынган административдик чаралар аркылуу ыкчам жооп кайтаруга аргасыз болдук. Бирок бүгүнкү күндө биз айыл чарба тармагындагы башкаруу жана агроөнөржай комплексин өнүктүрүүдөгү мындай кадамдарга макул эмеспиз. Белгилей кетсек, калктын дээрлик 70 % айыл жергесинде жашайт», - деди Артем Новиков.

Өкмөт башчынын м.а. белгилегендей, айыл чарба тармагын башкарууда жана агроөнөржай комплексин өнүктүрүүдө жаңы кадамдар керек.

«Бул агроөнөржай кооперациясы жана кластерлөө жаатындагы маселелер. Кеп 5 багыт: эт, сүт, интенсивдүү багбанчылык, балык ууулоо жана мөмө жемиштери тууралуу жүрүүдө. Биздеги климат айрым өсүмдүктөрдөн жылына эки ирет түшүм алууга мүмкүндүк берет. Биздин өнөктөштөрдүн көмөгү аркылуу ишке ашырууну пландаштырган көптөгөн башка долбоорлор бар. Быйылкы жылы айдоо аянттарын 6,5 миң га жогорулатуу каралып жаткандыгын эске алуу менен, бул маселе абдан маанилүү. Ошондой эле жыл сайын 50 миң га жер иштетилбей калаарына көңүл буруу керек. Азык-түлүк коопсуздугу абалын эске алуу менен мындайга жол берилбеши керек. Буга катар бардык ирригация обьекттерин текшерүү, айдоо аянттарынын жогорулашын эске алуу менен суу ресурсунун көлөмүн эсептеп чыгуу зарыл. Суу тармагынын муктаждыгын эске алганда, суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо боюнча программа зарыл. Ойлонуп отурууга убакыт жок, жакында жазгы-талаа иштери башталат. Андыктан жазгы-талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүү үчүн тийиштүү чечимдердин кабыл алынышын артка жылдыруу мүмкүн эмес», - деп белгиледи Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча, "Айыл чарбаны каржылоо – 9" долбоору жактыруу алдында турат. Быйылкы жылы жеңилдетилген кредит берүү үчүн пайыздык үстөктөрдү субсидиялоого 1,1 млрд сом бөлүнүүдө. Бул фермерлерди 6 млрд сомдон ашуун суммадагы жеңилдетилген кредит менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, айыл чарба тармагындагы GIS технологияларды ишке киргизүү боюнча долбоор ишке ашыруу алдында турат.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:

- 2021-жылдын 1-февралына дейре жазгы-талаа иштерин өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун толуктап иштеп чыгуу менен киргизүүсү;

- райондорду товарлардын айрым түрүн өндүрүүгө адистештирүү аркылуу райондоштуруу тутумуна кайтуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;

- 2021-жылдын 1-февралына дейре "Айыл чарбаны каржылоо – 9" долбоорун бекитүү;

- 2021-жылдын 1-февралына дейре айыл чарба техникасынын лизингине 400 млн сом өлчөмүндөгү кошумча каражаттардын бөлүнүшүн кароо;

- Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн иш жүзүндөгү айдоо көлөмүн көзөмөлдөө үчүн технологияларды ишке киргизүүнү тедетүү;

- беш артыкчылыктуу багыт боюнча кошумча нарк түзүүнүн конкреттүү долбоорун киргизүү.

КР Өкмөтүнүн маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх