Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Гүлзат Дыйканбаева Райымбек Матраимовдун иши боюнча судья болуп дайындалды

МБКтин экс-орун басарынын иши боюнча биринчи сот отуруму 9-февралга белгиленген

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча сот жараянын судья Гүлзат Дыйканбаева алып барат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, Матраимов боюнча биринчи сот отуруму 9-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда саат 17: 30да болот.

Эске салсак, 2020-жылдын 20-октябрында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМК тарабынан кармалган. Ага республиканын бюджетине 2 миллиард сом зыян келтирген деген айып тагылган.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтургандыгын билдирген. Матраимовдун 1,4 миллиард сому Каржы министрлигинин атайын эсебине которулуп, калганы соода борбору жана тогуз турак жай түрүндө берилгени айтылды.

Мирайым Алмаспек кызы
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх