Руслан Казакбаев Казакстан Элинин Ассамблеясынын Төрагасынын орун басары Жансейит Түймебаев менен жолугушту
Казакстандык кесиптеши ийгиликтүү өткөн шайлоолор жана инаугурация аземи менен куттуктады
Мындан бир күн мурун, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бишкек шаарына биринчи Президентинин өкүлү катары Бишкекке келген Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын алдындагы Ассамблея катчылыгынын башчысы - Казакстан Элдеринин Ассамблеясынын Төрагасынын орун басары - Жансейит Түймебаев менен жолугушту. Казакстан Республикасынын мурунку президенити Элбасы Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун инаугурация салтанатына катышты...
Жансейит Түймебаев кыргыз тарапты президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүү жана 2021-жылдын 10-январында өлкөдө башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум, ошондой эле мамлекет башчынын кызматка киришүү аземи менен куттуктады.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты. Руслан Казакбаев алдыдагы тышкы саясий иш-чараларды жогорку жана жогорку деңгээлде даярдоого көңүл бурду.
Жалпы кыргыз-казак маданий-гуманитардык шериктештигин өркүндөтүүнүн жана тереңдетүүнүн жана айрыкча Кыргызстан Элинин Ассамблеясы менен Казакстан Элинин Ассамблеясынын ортосундагы өзгөчө мааниге ээ экендиги баса белгиленди.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда тыгыз кызматташтыкты мындан ары чыңдоого ишеним билдиришти.
ТИМдин басма сөз кызматы
Фото www