Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров ашыкча жана бири-бирин кайталаган органдарды оптимизациялоону көздөп жатат

Президент өз кызматкерлерин чогултуп, алар үчүн иштин негизги багыттарын белгиледи

Садыр Жапаров белгилегендей, бүгүнкү күндө эки негизги маанилүү маселеге — мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга жана бюрократиялык жана башка административдик жол-жоболорду төмөндөтүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Президент Аппараттын конкреттүү түзүмдүк бөлүктөрүнүн алдына коюлган бардык милдеттер өз маалында жана натыйжалуу аткарылышы керектигин өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы алдыда мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу иши турганын, анын алкагында ашыкча жана бири-бирин кайталаган органдар оптимизацияланып, кадрларды тандоо алардын кесиптик чеберчилигинин негизинде гана жүргүзүлөрүн эске салды.

Президент Садыр Жапаров тууганчылык, досчулук жана башка байланыштарга карабастан, мыйзамды бузган, айрыкча коррупциялык иштерге аралашкан ким гана болбосун мыйзам чегинде жоопко тартыларын дагы бир жолу баса белгиледи.

Буга байланыштуу Мамлекет башчысы Президенттик Аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринен өз багыттары боюнча ачык-айкын жана натыйжалуу иш алып барууну талап кылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх