Курсан Асановдун кызы: Апам ден-соолугу жакшы дешип Улуттук госпиталдан оор абалда чыгарылды
Диана Асанова Гүлнара Үсөнканова төшөктө ордунан тура албай жаткандыгын белгилейт
Ички иштер министрлигинин экс-орун басары Курсан Асановдун кызы Диана Асанова Vesti.kg менен болгон маегинде анын апасы Гүлнара Үсөнканова оор абалда Улуттук госпиталдан "ден-соолугу жакшы " деп чыгарылгандыгын айтты.
"Апам ден-соолугу оор болсо дагы, ден-соолугу жакшы деп Улуттук госпиталдан чыгарылды", - деди Диана Асанова. - Оорукананын кызматкерлери менен маселени чечкен жокпуз, апамды жеке клиникага өткөрүп бердик. Азыр анын абалы оор. Ал төшөктө жатып, ордунан турбайт. Бир колу дагы алсыз. Атам жакшы. Жеке мен атам менен байланыша элекмин, бирок адвокаттар аны менен байланышта.
Эске салсак, 12-январда экс-президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы Гүлнара Үсөнканова УКМК сурак берип, ооруканага түшкөн. Ал чоң алдамчылык иши боюнча сүйлөшүүгө чакырылган. Сурак учурунда Үсөнканова эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилген.
Буга чейин Ички иштер министрлигинин башчысынын мурунку орун басары Курсан Асанов “Имараттарды жана курулмаларды басып алуу” беренеси боюнча кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан кийин сот ага карата 21-мартка чейин 1-тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандады.
Мираим Алмаспек кызы
сүрөт www