Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков жубайы менен Кыргызстандан учуп кетти

Экс-президент кичи ажылык сапарга барууну пландап жатат

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандан учуп кетти. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.

Анын айтымында, Жээнбеков эртең менен аялы менен Стамбулга учуп кетти, андан кийин алар Жиддага (Сауд Арабиясы) жөнөшөт. Кийин белгилүү болгондой, экс-мамлекет башчыны Сауд Аравиясынын Королу - Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд чакырган.

«Жээнбеков бул сапарды 2020-жылдын ноябрь айынан бери пландаштырган, анткени, пандемия болгондуктан, зыяратчылардын кирүүсүнө чектөө коюлган жана жол-жобого ылайык, бул сапар үчүн расмий чакыруу келиши керек.
Чакыруу 2021-жылдын февраль айынын башында алынган. Кичи ажылык 10 күндөн ашык убакытка созулуп, андан кийин Сооронбай Жээнбеков Бишкекке кайтып келет », - деди Стамалиева.

Эльдос Казыбеков
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх