Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын карайт

Парламенттен колдоо тапса, Садыр Жапаров министрлерди дайындоо боюнча жарлыкка кол коюшу керек

Жогорку Кеңештин депутаттары пленардык жыйында министрлер кабинетинин башчылыгына жана өкмөттүн жаңы түзүмүнө Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатышат. Буга чейин премьер-министрликке талапкер министрлердин саны азайгандыгын көрсөтүп, министрлердин тизмесин сунуш кылган.

Буга чейин ЖКнын адистештирилген комитети бир добуштан Мариповду колдогон.

Эгер палата Мариповду колдосо, анда президент Садыр Жапаров жаңы министрлер кабинетин түзүү жөнүндө жарлыкка кол коюшу керек.

Парламенттин алдында депутат Дастан Бекешев Фейсбуктагы баракчасына өкмөттүн жаңы курамын жарыялады:

Улугбек Марипов - премьер-министр

Артем Новиков - биринчи вице-премьер-министр

Улугбек Кармышаков - экономика жана каржы министри, вице-премьер-министр

Жеңиш Асанкулов - Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси

Таалайбек Өмүралиев - Коргоо министри

Руслан Казакбаев - Тышкы иштер министри

Асел Чынбаева - Юстиция министри

Алымкадыр Бейшеналиев - Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри

Алмазбек Бейшеналиев - Билим берүү жана илим министри

Кайрат Иманалиев - Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри

Бообек Ажикеев - Өзгөчө кырдаалдар министри

Улан Ниязбеков - Ички иштер министри

Гүлмира Абдралиева - Транспорт, архитектура жана коммуникация министри

Кубанычбек Турдубаев - Энергетика жана өнөр жай министри

Камчыбек Ташиев - УКМКнын төрагасы.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх