Талант Мамытов: ЖКнын депутаттары өлкөнүн укуктук талаага кайтып келишине жардам берди
ЖК төрагасы эл өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирип, Садыр Жапаровго ийгилик каалады
Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов депутаттарга 2020-жылдын октябрь айынан бери аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Төрага өз сөзүндө Жогорку Кеңеш бирден-бир мыйзамдуу орган болгонун белгиледи.
«Кыргыз эли, анын ичинде биз - депутаттар чоң сыноолорго туш болуп, өлкөдөгү туруктуулукту жана тынчтык кырдаалын сактап калышты. Жакында президенттик шайлоо жана референдум өттү. Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болуп шайланды. Бүгүн республиканын тарыхындагы жаңы барак башталат. Кыйын мезгилде депутаттар жоопкерчиликти алышып, өлкөнү укуктук талаага кайтара алышты », - деди Мамытов.
Мындан тышкары, спикер өз ишин аткаруу үчүн зарыл болгон аракеттерди жасагандыгын баса белгиледи.
Эльдос Казыбеков
Фото www