Улукбек Мариповду кызматка дайындалышы менен биринчилерден болуп Өзбекстандын Премьер-министри куттуктады
Абдулла Арипов Кыргызстандык кесиптешине ден-соолук жана ийгилик каалады
Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Улукбек Мариповго Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү.
Абдулла Арипов эки өлкө бакубаттуулугу үчүн көптөгөн багыттар боюнча өз-ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого ишенимин билдирди.
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповго ден-соолук, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтерди каалады.
Өкмөттүн маалымат кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз