Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Улукбек Мариповду кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады
Ал белгилегендей Россия менен Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер бириктирип турат
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Улукбек Мариповго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо жөнөттү.
Ал белгилегендей, Россияны жана Кыргыз Республикасын достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер бириктирип турат.
"Сиздин Өкмөттү жетектөөдөгү ишмердүүлүгүңүз эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык кызматташтыкты, Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы интеграциялык өз-ара аракеттешүүнү мындан ары карай тереңдетүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишенем",- деп айтылат куттуктоодо.
Өкмөт төрагасы Михаил Мишустин Премьер-министр Улукбек Мариповго ден-соолук, бакубаттуулук жана жооптуу кызматтагы ийгиликтерди каалады.
Өкмөттүн маалымат кызматы
Фото www