Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК Өмүрбек Текебаевди эмне үчүн депутаттык мандатынан ажыратпай тургандыгын айтты

БШК Жогорку Сотко кассациялык арыз менен кайрылганы жатат

Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу иши боюнча Жогорку Сотко кассациялык даттануу бермекчи. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Vesti.kg сайтына билдирди.

Маалым болгондой, экинчи инстанциянын өкүмүнөн кийин Текебаевдин мандатын алып салуу боюнча соттун чечими күчүнө кирди.

"Биз анын мандатын алып койдук, бирок Жогорку Соттун чечиминен кийин биз аны кайтарып бердик", - деп түшүндүрдү Бекматов. -Эми биз кассациялык даттанууга беребиз.

Эске салсак, өткөн жылы 25-декабрда Бишкек шаардык соту БШКнын апелляциялык арызын канааттандыруудан баш тартып, Борбордук шайлоо комиссиясынын Өмүрбек Текебаевге ЖК депутаттыгынын статусун калыбына келтирүү боюнча чечимин мыйзамсыз деп табуу боюнча Административдик Соттун чечимин күчүндө калтырган.

Административдик процесстик кодексте апелляциялык соттун чечими жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирери белгиленген. Ошондой эле, процесстик мыйзамдар соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аны аткарууга милдеттүү.

Гулиза Чудубаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх