Елизавета II Садыр Жапаровду кызматка киришүүсү менен куттуктады
Улуу Британиянын ханышасы жаңы Президенке жана Кыргызстан элине бардык жакшылыктарды каалады
Улуу Британиянын Королевасы Елизавета II Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.
«Сизди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүңүз менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Сизге жана Кыргызстан элине бардык жакшылыктарды каалаймын жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланыштар мындан ары дагы өнүгүп, бекемделе берет деп ишенемин», — деп белгиленет куттуктоодо.
Президенттик аппараттын маалымат кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз