Сыймык Жапыкеев: Финпол калды окшойт. Сабырдуулукка чакырам
ЭКККМКнын башчысы депутат Жумалиевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн УКМКнын ишине жогору баа берди
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Каржы полициясы) төрагасы Сыймык Жапыкеев парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин кармалышы боюнча комментарий берип жатып, УКМКнын ишин жогору баалады. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“Достор тушунуктуу болсун:
деп жыйынтыктады ГСБЭПтин башчысы.
Эске салсак, УКМКнын АКСи парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевди камакка алган. Кызмат адамы депутат болуп, ошол эле учурда ММУнун ээси болуп туруп, билим берүү жаатындагы мыйзам долбоорлорун лоббизмдөө учурунда өзүнүн таасирин колдонуп, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия мыйзамсыз алгандыгы аныкталды.
Ошол эле учурда, Жумалиев тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз баюу, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана салык төлөөдөн баш тартуу фактылары аныкталды. АКС тарабынан 78ге жакын кыймылсыз мүлк объектилери жана ар кандай компаниялар, анын ичинде "Таатан", "ГОИН" соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, пайдалуу кен чыккан жерлер, телерадиокомпания жана металлургиялык завод Эл депутатына, анын жакындарына жана мурда менчиктештирүү жолу менен жеке менчикке өтүп катталган.
Фото www