Садыр Жапаров: Премьер-министр туура кадам жасады
Президент Улукбек Мариповду бир тууганын Ноокат районунун акими кызматынан бошоткону үчүн мактады
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров жаңы дайындалган премьер-министрдин аракетин жогору баалады. Бул тууралуу ал Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
- «Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок"-деп айтылат, кыргызда.
Туура кадам жасады, премьер-министр - деди Садыр Жапаров.
Эскерте кетсек, премьер-министр Улукбек Марипов бир тууганын жумуштан алган. Ал чечимге кол койду, ага ылайык Марипов Бакытбек Асамидинович Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин кызматынан бошотулду.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз