Матраимовдор Кара-Суу районунда ыраазычылык кат менен сыйланышты
"УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап жатса, жергиликтүү аким аларга сыйлык берип жатат"
УКМК МТСтин төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылса, Ош облусунун Кара-Суу районунун акиминин милдетин аткаруучу мурдагы бажы кызматкеринин үй-бүлөсүн коронавирус пандемиясы учурунда көрсөткөн жардамы үчүн сыйлап жатат. Бул тууралуу журналист Ыдырыс Исаков Facebook баракчасына жазды.
«Азыр Кара-Суу районун Тилек Матраимовдун мураскери башкарып отурат. Мына ошол мураскер кожоюнуна сыйлык ыйгарды. Коррупция кылдың деп, УКМК Матраимовду айыптап акча доолап атса, беректеги акими жардам бергениң үчүн ыраазычылык деп, сыйлык ыйгарып отурат.Мен түшүнбөй калдым, ошондо силер Матраимовдорду ууру деп эсептейсиңерби же меценат деп эсептейсиңерби?"деп жазган журналист.
Ошол эле учурда Vesti.kg Кара-Суу районунун акиминин милдетин аткаруучу менен байланышты. , акимиаттын башчысынын биринчи орун басары Капарбек Адиев чындыгында Матраимовдорго таандык Исмаил ата фондусун Ыраазычылык каты менен сыйлагандыгын тастыктады.
Фото www