Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улукбек Марипов Никол Пашинян менен Алматыда жолугушту (сүрөт)

Армениянын Премьер-министри кыргыз кесиптешин кызматка дайындалышы менен куттуктап, КРнын элине бакубатчылык каалады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына жана «Almaty digital Forum» 2021 санариптик форумуна катышуу алкагында Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов жана Никол Пашинян өз-ара кызыкчылыкты туудурган ар кыл тармактардагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Өкмөт башчылар кыргыз-армян экономикалык байланыштарын жана эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер алкагындагы өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

Никол Пашинян өз кесиптешин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик жана кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Өкмөттүн маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх