Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Сот Карганбек Самаковго чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарды

ЖКнын экс-депутатынын иши жаңы кароого жөнөтүлдү

Жогорку Сот парламенттин экс-депутаты Карганбек Самаковго чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарды. Иш жаңы кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.

«Жогорку Соттун 2021-жылдын 3-февралындагы чечими менен Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы Карганбек Самаковго чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылды. Кылмыш иши соттун башка курамында Октябрь райондук сотуна жаңы кароого жөнөтүлдү », - деп айтылат Жогорку соттун билдирүүсүндө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх