Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Муфтият жетекчилиги УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар өлчөмүндө пара сунуш кылган

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын башкы бухгалтери пара берүү учурунда кармалган

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгындагы каржы мыйзам бузуулары боюнча УКМКнын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, муфтияттын жетекчилиги ажылыкка ажылардын кошкон каражатын жеке каржы мекемелерине ири суммадагы насыяларды берүү жолу менен пайдалангандыгы аныкталды. 100 миллион сомдон ашык жана ай сайын пайыздык үстөк алып турган.

Бул каржылык операцияларды аныктап алгандан кийин, Муфтият жетекчилиги УКМКнын кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө ишин токтоткону үчүн 100 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштай баштаган.

2021-жылдын 9-февралында бул факты КЖБРде катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) менен сотко чейинки өндүрүш башталган жана ошол эле күнү муфтияттын  башкы эсепчиси Ж.Б УКМКга пара берип жаткан жеринен кармалды ...

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМКнын пресс-борбору
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх