Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык мэриясынын алдында митинг өтүп жатат

Митингчилер Русланбек Тагаевди мэр кылып дайындоону талап кылышууда

Бишкек мэриясынын алдында элүүгө жакын адамдын катышуусунда митинг өтүп жатат. Чогулгандар “Мекенчил” партиясынын мүчөсү Русланбек Тагаевди мэр катары көргүсү келет.

Митингчилер муниципалитет борбор калаанын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди дайындоо маселесин тургундар менен талкуулашы керектигин белгилешти.

Эскерте кетсек, 8-февралда  Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өз арызы менен кызматтан кетти. Анын алдында Эрмек Нургазиев борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бирок, түн ичинде ал бул кызматтан алынгандыгы белгилүү болду.

10-февралда эртең менен борбор калаанын мэриясы жаңы милдетин аткаруучу деп жарыялаган Бактыбек Кудайбергенов мэр болуп дайындалды.

Медина Купсулдаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх