Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бактыбек Кудайбергенов мэрлик кызматта өзү алдына койгон 10 тапшырманы атады.

Жаңы мэр шаар тургундарына кайрылуу жасады

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы жаңы милдетин аткаруучу болуп дайындалган Бактыбек Кудайбергеновдун кайрылуусун жарыялады.

"Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары, Кыргызстандыктар! Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Марипов Улукбек Асамидинович тарабынан Бишкек шаарынын мэринин кызматын убактылуу жетектөө чечими чыкканын маалымдоо менен, алдыга коюлуп жаткан приоритеттүү иш алып баруу планымды кыскача тааныштырып өтүүнү туура көрдүм. 

Албетте, азыркы учурда шаардыктар менин иш планым, актуалдуу маселелерге болгон жеке көз карашыма кызыкдар. Бишкек шаары борбор калаабыз болгондуктан ар бир сунуш, долбоор, чечим, дыкат ойлонулуп реалдуу болушу мен үчүн негизги принцип. Шаардыктардын күнүмдүк жашоосунан баштап, келечектеги пландарга болгон суроо талабын аз күндө деталдуу көрсөтүп, атайын пресс-конференция берип маалымдап өтөм. 

Бирок алдыма койгон  эң башкы милдеттердин алдыңкы онун сиздерге сунуштайм. Ар бир багыт боюнча мэриянын бул убакытка чейинки иш планы ыкталып, кээ бир гана өзгөртүүлөр болоорун эскертип кеткем келет. 

Мен эң кыска мөөнөттө чечүү үчүн алдыга койгон негизги 10 тапшырманы белгилеп кетким келет, ошол эле учурда, ушул тармактар ​​боюнча мурда башталган иштер, балким кандайдыр бир түзөтүүлөр менен улантылат.

1. Борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, COVID-19га каршы иш-аракеттерди улантуу;

2. Бишкек шаарынын башкы планынын ачыктыгын камсыз кылуу;

3. Шаардык бюджеттин каражаттарын шаардыктар үчүн киреше жана чыгаша бөлүгүндө пайдалануунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;

4. Ар бир шаардык кызматтын жана ишкананын ишинде ачык-айкындуулукту уюштуруу;

5. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу;

6. Коомдук шаардык транспорттун экологиялык таза отунга өтүү процессин тездетүү, транспорт секторунун курч маселелерин чечүү;

7. Санариптештирүү. Бишкек шаарынын тургундарынын көйгөйлөрүн тез арада чечүү үчүн жаңы технологияларды шаардык кызматтардын ишине интеграциялоо;

8. Муниципалдык жетекчилердин жана кызматкерлердин ишин баалоо KPI индикаторлорун киргизүү;

9. Шаардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында, муниципалдык менчик жана ресурстар жөнүндө маалыматтын ачыктыгын камсыз кылуу, Бишкек шаарында инвестицияларды стимулдаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;

10. Мурда кабыл алынган программалардын жана стратегиялардын аткарылышын талдоо.

Ошондой эле, биздин команда шаардыктар менен биргеликте мэриянын түзүмүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана ишканалардын натыйжалуулугун карап чыгууну пландаштырууда.

Урматтуу жарандар, жогоруда айтылган тапшырмалар зарылчылык болсо толукталат, шаардыктардын сунушу боюнча түзөтүүлөр киргизилет, тапшырмаларды аткарууну дагы пландаштыруу шаардыктар менен талкууланат.

Биргелешкен аракеттердин натыйжасында гана биз кыска убакыт аралыгында Бишкек шаардык мэриясынын натыйжалуу иштешин камсыздай алабыз.

Урматым менен, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Кудайбергенов Бактыбек Жапарович."-деди мэрдин милдетин аткаруучу.

Бишкек шаардык мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх