ДИБМКнын башчысынын м.а кызматына Жоробай ажы Шергазиевди дайындашты
Муфтийди шайлоо 2021-жылдын 15-апрелинде болот
Жоробай ажы Шергазиев Мусулмандардын Дин Башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болду. Бул маалымат Vesti.kg сайтына ДИБМКнын басма сөз кызматынан тастыкталды.
Уставга ылайык, муфтий шайланганга чейин убактылуу ыйгарым укуктар орун басарына өткөрүлүп берилет.
Мындан тышкары, Уламалар Кеңеши ДИБМКнын жаңы башчысын шайлоо күнүн аныктады - 15-апрелде мусулмандардын курултайы өтөт. Учурда муфтиятты жетектөөнү каалагандар арыз жана документтерин жөнөтө алышат.
Эскерте кетсек, буга чейин УКМК муфтияттын кылмыш жасоого катыштыгы бар экендиги, ошондой эле ажылардын Ажылык сапарына кошкон каражатын пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар жөнүндө төгүндөлгүс далилдер бар экендигин билдирген.
Алынган далилдердин негизинде 2021-жылы 10-февралда муфтий кылмышка шектүү деп кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ага чейин УКМКга ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча УКМКнын башкы эсепчиси кармалган. Ал бир күн мурун үй камагына чыгарылган.
Элдос Казыбеков
Фото www