Бишкекте "Чындык" иликтөөчү журналистика форуму ачылды
Долбоор жарандык сектордун жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын коррупцияны ачыкка чыгаруу мүмкүнчүлүгүн чыңдоого багытталган
Бишкекте "Чындык" иликтөөчү журналистиканын форуму ачылды. Ал Кыргызстандагы #TRACK Интерньюс долбоорунун алкагында, иликтөөчү журналисттерди колдоо максатында өткөрүлүп жатат.
TRACK (Transparency through Reporting & Advocacy Campaigns in Kyrgyzstan)- ата мекендик иликтөө журналистикасынын сапаттуу өнүгүшү үчүн, коомду коррупцияга каршы күрөшкө тартуу жана бийликтин жоопкерчилигин жогорулатууга жана көзөмөлдөө функцияларын күчөтүүгө багытталган көп компоненттүү долбоор.
Долбоор ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык секторунун жана көзкарандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын коррупцияны жана натыйжасыз башкарууну ашкерелөө, коомду кордуктун аныкталган фактылары жөнүндө маалымдоо боюнча потенциалын чыңдоого багытталган.
Анын ичинде журналисттик иликтөө боюнча интенсивдүү окутуу курстары, бейөкмөт уюмдар үчүн маалыматтык кампаниялар боюнча семинарлар (адвокаттык кампаниялар), иликтөөчү ММКларды жана жарандык журналисттерди колдоо жана коргоо, иликтөө гранттары жана иликтөөчү журналисттердин Чындык улуттук форуму камтылган.
Фото www