Кылычбек Абышев Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды
Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду
Кылычбек Абышев Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басарлыгына дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду.
Абышев Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеген. Эмгек жолун 2012-жылы депутаттын жардамчысы болуп иштөөдөн баштаган.
Мындан тышкары, ал Республика партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан.
Элдос Казыбеков
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз