Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Кыргызалтындын" башкармалыгынын төрагасы УКМКнын СИЗОсунда эки айга камалды

Бул баш коргоо чарасы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тандалды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 13-февралда  "Кыргызалтын" ААК Башкармалыгынын Төрагасы У.Е.А.ны  эки айлык мөөнөткө, башкача айтканда, 2021-жылдын 12-апрелине чейин УКМКнын СИЗОсунда кармоо түрүндөгү алдын-алуу чарасын тандады.

Тергөө учурунда "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы кызмат абалынан пайдаланып, ай сайын ээлеген кызмат ордунан бошотулат деп коркутуп, мамлекеттик үлүштү өткөрүп берүүчү алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүнөн  алган эмгек акынын 75% талап кылгандыгы аныкталды.

Учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы У.Е.А тарабынан пара талап кылуу  сыяктуу ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча  "Кыргызалтын" ААКнын башка кызмат адамдарына иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМКнын пресс-борбору

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх