Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек тилкесиндеги мамылар демонтаждалды

Өзбекстан менен чек арада кырдаал турукташты

Буга чейин Өзбекстандын РЭС кызматкерлери тарабынан Кыргызстан менен чектешкен тилкенин тактала элек тилкесине орнотулган электр чубалгыларынын үч темир бетон мамылары демонтаждалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Баткен районунун Суу-Башын айыл өкмөтүндө Кыргызстандын Баткен участогундагы жана Өзбекстандын Сох багытындагы чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстандын РЭС кызматкерлери тарабынан мамлекеттик чек аранын тактала  элек тилкесине мурда орнотулган электр чубалгыларынын үч темир-бетон мамысы демонтаждалды.

Азыр мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде абал туруктуу.

Эскерте кетсек, мурунку күнү Instagram социалдык тармагында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында тартылган делген видео тараган. Күбө өзбек жоокери кыргыздарга ок чыгарып жатат деп билдирди.

Андан кийин Баткен районунун тургундары чек арадагы көйгөйдү чечип берүү өтүнүчү менен Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх