"Манас" аэропортунун башкармалыгынын экс-төрагасы Мурат Примбердиев кармалды
Ал эл аралык "Манас" аэропортундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга киргизилген
Башкы прокуратура эл аралык "Манас" аэропортундагы коррупциялык схемага байланыштуу кылмыш ишине тиешеси бар дагы бир адам кармалганын жарыялады.
Бир күн мурун, 17-февралда жогорудагы иштин алкагында 319-берененин 1-бөлүмүнө ылайык кылмыш жасаган деп шектелип. (коррупция), "Манас" эл аралык аэропорту "ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев кармалды. Ал ИИМдин Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Буга чейин Башкы прокуратура Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы менен биргеликте "Манас Менеджмент Компани" ЖАКынын жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияга эл аралык рейстердин жүк ташуусу үчүн жеңилдиктерди берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныкташкандыгы маалымдалган.
Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Фото www