Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев Баткен облусуна келди. Тургундар ага Садыр Жапаровдон жооп ала албай жатабыз деп даттанышты

УКМК төрагасы дароо Ак-Сай айылына жөнөдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна келди. Облустук администрациянын жанында аны журналисттер жана алыскы айылдардын жашоочулары чек ара маселелерин чечип берүү өтүнүчү менен тосуп алышты. Тургундар плакаттарды көтөрүп турушкан.

Элдер президент Садыр Жапаровго көптөгөн каттарды жолдошконун, бирок бир дагы жолу жооп алышкан жок деп нааразы болушту.

Ташиев Ак-Сай айылына барып, ал жердеги бардык суроолорго жооп берерин журналисттерге түшүндүрдү. Атайын кызматтын башчысы унаага отуруп, ошол жакка жөнөдү.

Белгилей кетсек, бүгүн Камчыбек Ташиев операциядан кийин Германиядан кайтып келди. Аэропорттон чыгып УКМКнын башчысы  чек арадагы көйгөйлөрдү чечүүгө Баткен облусуна барды.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх