УКМКнын АКСи: Ош ТЭЦинде коррупциялык схеманын бети ачылды
Түштүк борбордо ЖЭБге жеке менчик мончолор, спорт залдар ж.б. обьектилер мыйзамсыз кошулган
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы коммерциялык кыймылсыз мүлк объектилерин Ош ЖЭБине мыйзамсыз кошуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө.
Түштүк борбордогу ЖЭБдин жетекчилиги коммерциялык объектилердин ээлери менен тил табышып, жылуулук менен жабдуу тутумдарына техникалык туташуу эрежелерин бузуп, капиталдык курулуш объектилеринин техникалык параметрлерин эске албай, мыйзамсыз туташкандыгы аныкталды Оштогу ЖЭБге ири соода объектилери, атап айтканда жеке менчик мончолор, спорт залдары, медициналык клиникалар, ошондой эле көп кабаттуу турак үйлөр. Ошол эле учурда, алдын ала иликтөөлөргө ылайык, көрсөтүлгөн коммерциялык объектилерден түшкөн каражаттарды ЖЭБдин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери чөнтөктөрүнө салышкан.
ЖЭБдин жетекчилиги тарабынан ушул коррупциялык схеманы уюштуруунун натыйжасында мамлекет ири өлчөмдө зыянга учурады.
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоого, ошондой эле Ош ЖЭБинин ишиндеги ушул сыяктуу фактыларды аныктоого жана документтештирүүгө багытталган тергөө-оперативдик иш-чараларын улантууда.
УКМКнын пресс-борбору
Фото www