Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Матраимовдун тарапташтары: Биз дагы элбиз! Президент бизди угат деп үмүттөнөбүз (видео)

Бишкекте жана Кара-Сууда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарын колдогон митингдер өтүп жатат

Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын жанында Мамлекеттик бажы кызматынын кармалган экс-орун басары Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүп жатат.

Мурунку бажы кызматкеринин тарапкерлери Матраимовдун кармалышын мыйзамсыз деп эсептешет.

- Ал акталып чыкты, - деп  эсептешет чогулгандар. - Ал айып пулду төлөдү. Ал баарын далилдеди. Ал кайрадан кармалды. Бул адилеттүү эмес. Пандемия учурунда дагы ким ушунчалык жардам берди? Бул жерде мечиттерди ким ачат? Ушунча кишиге нан берди, билим берүүгө жардам берди, жумуш берди. Бул силедин ыраазычылыгыңарбы? Алар бизди угушат деп ойлойм. Биз дагы элбиз. Эки тарапты тең угуш керек.


Эске сала кетсек, Ош облусунун Кара-Суу районунда Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басарын колдогон тынчтык митинги өтүп жатат.

  

 

Мирайым Аслмаспек кызы
Медина Купсулдаева
Фото, видео Vesti.kg


 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх