Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Финполдун кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти (фото)

Сыймык Жапыкеев ЭКККМКтин кызматкерлеринин заманбап мууну  салттарды сактап жана өркүндөтө тургандыгын белгиледи

Бүгүн, 19-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Каржы полициясы) кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти. Дал ушул күнү, 28 жыл мурун (1993) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен салык мыйзамдарынын бузулушун алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле салык мыйзамдарын бузуу максатында укук коргоо функциялары бар бөлүм түзүлгөн. 

Андан бери каржы полициясы бир катар уюштуруучулук өзгөрүүлөргө дуушар болду, алардын түзүмү өзгөрдү, бирок бир нерсе өзгөрүүсүз калды: элге кызмат кылуу, өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган кызматтык милдеттерин аткарууда кайраттуулук, туруктуулук, жогорку кесипкөйлүк көрсөтүү.

 

Каржы полициясынын ар бир жылы өзүнүн ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилдеринде жаркын окуяларга, ынтымактуу команданын даңазалуу иштерине толуп турган.

Бүгүн, ЭКККМКтин административдик имаратында Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматкеринин күнүнүн 28 жылдыгына карата салтанаттуу кырдаалда майрамдык иш-чара болуп өттү.

 

ЭКККМКтин ар бир кызматкери куттуктоолорду кабыл алып, кубанып жатат, анткени ал сүйүктүү, абдан керектүү жана маанилүү кызмат менен алектенет. Кызматкерлер мамлекетти, коомду, жарандарды кылмыштуу кол салуулардан коргоо боюнча күнүмдүк маселелерди ийгиликтүү чечишет.

Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев куттуктоо сөзүн сүйлөп, өздүк курамды куттуктап, Финансылык полиция кызматкерлеринин заманбап муун даңктуу каада-салттарды сактап жана өркүндөтө тургандыгын, алардын жыргалчылыгы үчүн жогорку натыйжалуулук менен иштей тургандыгын белгиледи.  Каржы полициясы эл менен!

 

Ошондой эле, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын айырмаланган кызматкерлери мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.

ЭКККМКтин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх