Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын прокурорлоруна качкындардын укугун коргоого үйрөтүлөт

Башкы прокуратуранын жетекчилиги БУУнун Жогорку комиссарынын кеңсесинин өкүлү менен жолугушту

Бүгүн 19-февралда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Жамила Джаманбаева БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын Борбордук Азия боюнча өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушту.

Баарлашуунун жүрүшүндө Шоддер эл аралык укуктун негизги принциптерин сактоо менен качкындардын укуктарын коргоону камсыз кылуу жаатында прокуратура кызматкерлерин окутуу боюнча иш-чараларды уюштурууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Джаманбаева Кыргызстандагы качкындардын жана башпаанек сурагандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууда башкы көзөмөл органы менен БУУ КЖКБнын кызматташтыгынын оң тенденциясын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана ушул багытта биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх