Жаа атуу боюнча улуттук курама команда эл аралык мелдешке катышат
Мелдештер 22-27-февраль аралыгында Ташкент шаарында өтөт
Жаа атуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 22-27-февраль аралыгында Ташкент шаарында өтө турган эл аралык "Alpomish va Barchinoy" турнирине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Бул турнирде КР курама командасы төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:
1. Асель Шарбекова, Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери (MSMK).
2. Улукбек Курсаналиев, Кыргыз Республикасынын спорт чебери (МС).
3. Айтурган Маматкулова, MS.
4. Канатбек кызы Жибек, МС.
5. Азим Осмоналиев, MS.
6. Диана Канатбек кызы, МС.
7. Кылычбек Нурманбетов, башкы машыктыруучу.
Белгилей кетсек, спортчулар негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календардык планынын негизинде спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен командировкага жөнөтүлгөн.
Фото www