Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

МКК кызматкерлери ооруканага буту сынган адамды жеткирүүгө жардам беришкен

Дарыгерлер жана туугандары тез жардам көрсөтүлгөндүгүнө ыраазычылык билдиришти

Борбор калаанын Патрулдук милиция кызматкерлери буту сынган адамды ооруканага жеткирүүгө жардам беришти.

22-февралда саат 15.40 чамасында 102 линиясына Тоголок Молдо көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде белгисиз адам жардам сурап жатат деген билдирүү түшкөн.

Патрулдук милициянын инспекторлору келгенден кийин, жаран Б.Т. улак-тартыш оюн учурунда  бутунан катуу жаракат алган. Жол тыгынынан улам ал ооруканага жете алган эмес.

МККнын кызматкерлери жаранды кызматтык унаага отургузушкан. Алар тез арада Б.Т. шаардык №4 ооруканага  жеткиришкен.

Дарыгерлер жана туугандары Патрулдук милицияга ыкчам жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

МККнын Бишкек басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх