Бишкек-Ош жолу жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу иштебейт
Жол кайгуул кызматы бардык айдоочуларды себепсиз узак жолго чыкпоого чакырат
Калын кар жана тайгактан улам Бишкек-Ош унаа жолунда оор унаалардын кыймылы жабылат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Жол кыймылын чектөө Сосновка постунда тосулуп, 24-февралда саат 15.00дөн 25-февралга чейин саат 08.00гө чейин күчүндө болот.
Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү айдоочулардан аргасыз муктаждыгы жок алыскы жолдо жана тоолуу аймактарда жүрбөөнү суранышат. Жолдордо унаа айдаганда, өтө этият болуңуз жана Жол кыймылынын эрежелерин так сактаңыз.
Дастан Советбеков
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз