Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге жогорку аскердик наам берүү жөнүндө жарлыкка кол койду

УКМКнын учурдагы жетекчисинен тышкары, наамды ИИМ министри Улан Ниязбеков алган

Президент Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жогорку аскердик наам берүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ташиевден тышкары, наамды ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков дагы алган.

Жарлыктарга ылайык:

- Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке генерал-лейтенант наамы берилди;

- Апсатаров Бекбосун Жакшылыкович - генерал-майор;

- Ниязбеков Улан Омоканович - милициянын генерал-майору;

- Эгембердиев Аскат Раимжанович - ички кызматтын генерал-майору.


Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх