Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: Кыргызстан кичинекей өлкө, жана COVID-19 бизге чоң зыян келтириши мүмкүн

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча орусиялык ММКларга маек курду

Президент Садыр Жапаров Россиянын  РИА Новости басылмасына берген маегинде COVID-19 Кыргызстанга чоң зыян келтириши мүмкүн деди.

Мамлекет башчысы орусиялык вакциналар Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан каттоосуз ташып келүүгө уруксат берилген дары-дармектердин атайын тизмесине киргизилгенин эске салды.

Анын айтымында, учурда медициналык кызматкерлерди вируска каршы вакцинаны сактоого жана колдонууга үйрөтүү боюнча даярдык иштери башталды.

«Учурда келип түшкөн вакциналарды бөлүштүрүү алгоритми даярдалды, кампалар вакцинаны алууга даяр. Саламаттыкты сактоо кызматкерлерин COVID-19 вакциналарын сактоо, колдонуу жана колдонууга үйрөтүү боюнча даярдык иштери башталды. [...] Биз кичинекей өлкөбүз жана оору бизге чоң зыян келтириши мүмкүн. Демек, эмдөө биз үчүн мекендештерибиздин өмүрүн сактап калуу жагынан дагы, ошондой эле өлкөдөгү жашоонун мүмкүн болушунча эртерээк эч кандай чектөөсүз кадимки нукка түшүшү үчүн маанилүү ”, - деди Жапаров.

Эске салсак, Садыр Жапаров Россияга расмий иш сапары менен учуп кеткен. Өкмөттүн мүчөлөрү менен биргеликте, делегация Россия Федерациясы менен мындан аркы өнөктөштүктү талкуулоого ниеттенүүдө.

Кошумчалай кетсек, жакында эле республикада орусиялык "Спутник V" вакцинасы каттоодон өткөнү белгилүү болду.

Дастан Советбеков
Источник
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх