Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жылдызкан Жолдошева: Жаңы Конституция кабыл алынганда, бийликтин үч бутагында тең салмактуулук болбойт

Мурунку депутат парламенттик шайлоого катышууну чечкенин жарыялаган

Мурунку депутат Жылдызкан Жолдошева Vesti.kg сайтына билдиргендей, жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин өлкөдө үч бийлик бутагынын тең салмактуулугу жоголот, ал эми Жогорку Кеңешке президенттин кызыкчылыгында иштебей турган, бирок өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн күчтүү саясатчылар керек болот.

- Мен парламенттик шайлоого катышам, бирок азырынча кайсы партия менен боло тургандыгын айта албайм, - деп түшүндүрдү Жолдошева. - Мен Жогорку Кеңеште бешинчи чакырылыштын депутаты элем, бирок алтынчы чакырылышка кире албай калдым. Кийин белгилүү болгондой, мурунку бийлик мени Жогорку Кеңешке киргизбөө боюнча шарт койгон. Бирок менде буга эч кандай таарыныч жок. "Аалам" партиясы менен чыгып, тилекке каршы, өтө албай калдык. Чындыкты айтышым керек - жаңы Конституция кабыл алынганда, бийликтин үч бутагынын ортосунда тең салмактуулук болбойт. Ошондуктан, мен президент же парламенттин кызыкчылыгы үчүн иштебей, тең салмактуулукту сактап, өлкөнүн бакубаттуулугу жана өнүгүүсү үчүн иштеген күчтүү саясатчылар парламентте отурушу керек деп эсептейм.

Белгилей кетсек, буга чейин Жылдызкан Жолдошева "Ата Журт" парламенттик фракциясынын лидери болгон. Акыркы шайлоодо ал "Мекенчил" партиясынан Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров менен кошо талапкерлигин көрсөткөн.

Мирайым Алмаспек кызы
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх