Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдун Касым-Жомарт Токаев менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Чоогуу сүрөткө түшкөндөн кийин, Кыргызстан менен Казакстандын президенттери тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө бет алышты

Бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы Президенттин «Ак ордо» сарайында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду.

Мамлекет башчылары учурашкандан кийин Республикалык гвардиянын оркестри Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндерин аткарды.

Ардактуу кароолдун башчысынын рапортунан соң мамлекет башчылары Казакстан Республикасынын мамлекеттик туусуна келип, мамлекеттик символго башын ийишти.

«Ак ордонун» фойесинде Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев сүрөткө түшүп, андан кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү сүйлөшүүгө киришти.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх