Владимир Жириновский Борбор Азияны Россияга кошууну сунуш кылды
Эксперттин айтымында, Мамлекеттик Думанын депутатынын дагы бир талаштуу билдирүүсүнө олуттуу кабыл албаш керек
Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновский «Говорит Москва» радиосунун эфиринде Борбор Азия өлкөлөрүн жана КМШнын башка мамлекеттерин Россиянын курамына провинция катары киргизүү сунушун киргизди.
Ал арада Vesti.kg сайты байланышка чыккан көзкарандысыз эксперт, саясий серепчи Денис Бердаков мындай билдирүүлөрдү олуттуу кабыл албоону сунуштайт.
Анын пикири боюнча, ЛДПР лидеринин билдирүүлөрүндө максаттуу саясат жок.
- Владимир Жириновский кыйла эле эски саясатчы, - деп эскертти Бердаков, - ал шоумен катары гана өзүнүн максаттуу аудиториясы үчүн иштейт жана өзүнө көңүл бурдурууга аракет кылат.
Саясат таануучу ошондой эле Жириновскийдин мындай билдирүүлөрү биринчи жолу болуп жаткан жок деп белгиледи.
"Мамлекеттик Дума үчүн ал мындай демилгелер менен кандайдыр бир кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн" деп эсептейт Бердаков, - бирок бул анын жеке көз карашы, олуттуу реакцияга арзыбайт.
Канышай Балкыбекова
Фото www
Комментарии
Средняя Азия и Казахстан по такой системе (мы ресурсы, а нам бумагу в качестве денег) проще и правильнее работать напрямую с США и Европой.
Средняя Азия и Казахстан самодостаточно, есть все от газа и нефти, за[упс, чуть не ругнулся]ивая водой и электричеством. Про продукту вообще можно не говорить, Средняя Азия и Казахстан кормил весь РСФСР с Украиной, Белоруссией и Кавказом во время ВОВ, выживем и без России.