Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Матраимовду колдоп митингге чыккан депутат Тиллаев бул анын жеке иши экендигин айтты (видео)

Ошол эле учурда парламентарий айрым кесиптештери ЛГБТ адамдарын колдой тургандыгын белгиледи

Парламенттин кечээки жыйынында парламенттин депутаты Таабалды Тиллаев Мамлекеттик бажы кызматынын экс-орун басары Райымбек Матраимовду колдогон митингге катышкандыгы үчүн айтылган сындарга жооп берип жатып, бул саясатчылардын жеке иши деп билдирди.

Мындан тышкары, депутат кесиптештеринен бири-бирине зыян келтирбөөнү суранды.

- Мен айрым кесиптештериме кайрылгым келди, - деди Тиллаев. - Ким кайсы митингге чыгат жана кимди колдойт - бул анын жеке иши. Бул үчүн адам өзү жооп берет. Мындан саясат жасабаңыз. Кесиптештерибизге тийишпешибиз керек. Бизде гейлерди колдогон депутаттар бар. Сураныч, бири-бириңерге зыян келтирбегиле.


Эскерте кетсек, парламенттин алдында депутат Дастан Бекешев Райымбек Матраимовду колдоп митингге чыккан кесиптештерин сындаган.

Өткөн жекшембиде Ош шаарында нааразычылык акциясы болуп, ага парламент депутаттары Мирлан Бакиров, Илхом Маннапов, Бактыбек Райымкулов катышты.

Райымбек Матраимовду колдогон биринчи митингде жарандардын арасында бир гана депутат болгон - ал Таабалды Тиллаев.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх