Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Премьер-министр Каржы полициясын жоюуну чечти. Кызмат бузулган жана жыйынтыксыз деп аталып калган

Өкмөт ЭКККМК жазалоочу функцияларды гана аткаргандыгын белгиледи

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) жоюу жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.

Расмий маалыматтарга ылайык көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сомду же ИДПнын 23,6% түзөт, ал эми көз карандысыз эксперттер көмүскө экономиканын үлүшү ИДПнын 24 пайыздан 43 пайызына чейин экендигин белгилешет, бул Финансы полициянын кызматын талаптагыдай иштебегендигин кабар берет.

Мындан тышкары, көз карандысыз эксперттерден жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жаатында бул органдагы коррупция, ошондой эле анын жеке ишкердикке мыйзамсыз кийлигишүүсү боюнча нааразычылыктар келип түшүүдө.

"Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык ички экономикалык коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн Финансы полиция экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүдөн тышкары алдын-ала божомолдоо, ички экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле жеке ишкердик субъекттеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо милдеттүү.

Бирок, Финансы полиция объективдүү түрдө бүгүнкү күндө жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чараларды көрбөстөн, жазалоочу функцияларды гана аткарып келүүдө.

Өкмөттүн маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх