Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Мен таза иштегенге аракет кылдым." Сыймык Жапыкеев Финансы полициясынын кызматкерлери менен коштошту

ЭКККМКнын экс-төрагасы мамлекеттик кызматкер болгондуктан митингге чыгууга укугу жок экендигин белгиледи

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Каржы полициясы) экс-төрагасы Сыймык Жапыкеев кечээ команда менен коштошту. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жарыялады.

Мурунку чиновник митингге мамлекеттик кызматкер катары барууга укугу жок экендигин белгиледи.

"Урматтуу достор кече куну Финполдун коллективи менен коштошуп, узатышты, колдон келишинче иштештик. Баарын тапшырып откоруп бергенче 4-5 кун отуп кетти. Финполдун жамаатына ыразымын. Финполдун Тор агасы катары элимдин, жеримдин жана Олко учун таза - так иштегенге аракет кылдым. Эч жерден пара опузалап, же коркутуу менен иш кылган жокмун. Акыркы торт айда 800 млн. сом бюджетке нак ондурдук, коптогон иштер жасалды. Чоон чон кылмыш иштер боюнча экспертизалардын кортундусун кутуп аттык эле. Баары оной эмес.
Мен аякы бир жылдан бери катуу нерв болуп журуп сахарым которулуп кетти. Врачтар карап жатышат, нерв болбош керек, Уйдо жатам. Денсоолук болбосо эч нерсе кереги жок экен.
Достор аякы кундору мени сындагандар кобойду, жок эмне чыкпайт, эмне митингдерге чыкпайт деп мени издегендер коп. Мен мамкызматкер катары митингке чыгып Оз оюмду билдиргенге укукту эмес элем." - деп жазган Жапыкеев.

Эске салсак, 5-мартта премьер-министр Улукбек Марипов департаменттин натыйжалуулугунан жана коррупциядан улам Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты жоюу жөнүндө буйрукка кол койгон.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх