Маалымат каражаттары: Жогорку Кеңештин маркум депутаты Алмазбек Акматовдун сөөгү казылып алынышы мүмкүн
Белгиленгендей экс-парламентарийдин жакындары анын табигый өлүмүнө ишенишпейт
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматовдун сөөгү казылып алынышы мүмкүн, деп билдирет reporter.kg маалымат булактарына таянуу менен.
Белгиленгендей, экс-парламентарийдин жакындары анын табигый өлүмүнө ишенишпейт.
Эске сала кетсек, 28-февралда парламент депутаты Алмазбек Акматовдун каза болгондугу белгилүү болгон. Анын көптөн бери ооруп жүргөнү кабарланган. Ал 57 жашта болчу.
Акматовдун сөөгү 2-мартта Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз