Бош калган депутаттык мандат Айбек Осмоновго өткөрүлүп берилди
БШК жаранды ЖКнын шайланган депутаты катары таануу чечимин кабыл алды
Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы Айбек Осмоновду Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таануу чечимин кабыл алды.
Ошентип, БШКнын 14-марттагы токтому менен Осмонов Айбек Жапарович “Бир Бол” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Ага тиешелүү күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги берилди.
Депутаттын мандаты Алмасбек Акматов каза болгондон кийин бош калган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз