Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарынын мэриясынын спорт комитетинин башчысы, сабады деген шектүүнүн күнөөсүн четке кагууда

Бэкдөөлөт Абакиров жабырлануучу алдап жатат деп билдирди

39 жаштагы жаранды сабады деп шектелген Ош шаардык дене тарбия жана спорт кеңешинин башчысы Бекдөөлөт Абакиров сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алган жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына түштүк борбордун Ички иштер департаменти билдирди.

- Ал жабырлануучу алдап жатат деди. Сабалган жаран И.Н. ишкер. Ал Абакиров экөө бири-бири менен эски тааныш экендигин белгиледи. И.Н. экспертизадан өтүп, ага ылайык денеге жеңил жаракат келтирилгендиги аныкталды. Тергөө кызматы жабырлануучуну комиссиялык соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүгө жөнөттү.

Эске салсак, 15-мартта түштүк борбордун милициясына Ош шаардык мэриясынын алдындагы Дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакировду сабап салгандыгы тууралуу арыз түшкөнү белгилүү болду. Жабырлануучунун айтымында, Бекдөөлөт аттуу жаран төрт досу менен аны сабап, денесине залал келтирген. Мушташтын натыйжасында бир адам жаракат алган. Бул факт КЖБРде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси "Бейбаштык" беренеси боюнча катталган.

Ал арада Ош шаардык мэриясы эгер экспертизалардын жыйынтыгы жана укук коргоо органдарынын корутундусу боюнча Бекдөөлөт Абакиров күнөөлүү болуп чыкса, анда чиновник кызмат ордунан дароо четтетилет деп билдирди.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх