Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад облусунун ИИБнын жаңы башчысы өздүк курамга тааныштырылды

Полковник Ашым Тагаев ИИМдин башкаруучу курамынын кызмат ордун ээлөө боюнча сынактын жыйынтыгы боюнча дайындалган

Бүгүн 19-мартта Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад ОИИБдин жаңы дайындалган начальниги, милициянын полковниги Ашым Тагаевди өздүк курамга тааныштырып, жаңы жетекчи конкурстун жыйынтыгы менен дайындалгандыгын жана милицияда көп жылдар эмгектенип тажрыйбасы мол экендигин белгиледи.

Ошону менен катар Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад ОИИБдин жана ШРИИБ жетекчилеринен кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо жана болгон кылмыштын бетин ыкчамдык менен ачуу, окуя болгон жерге жетекчиликтин өздөрүнүн чыгуусун талап кылды. Жалал-Абад облусунда 12 шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү, 1 млн 200 миңден ашуун калк бар экендигин, милицияга келип кайрылган жарандардын арыз-доосун кыска мөөнөттө чечүү зарыл экендигин белгилеп өттү. Жаңы дайындалган жетекчиге ийгилик каалап, өздүк курам үчүн жакшы шарттарды түзүп, элге ак дилден кызмат кылууга чакырды.


ИИМдин Басма сөз кызматы

Фото ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх